КАЙРЫМДУУЛУК КЕЛИШИМИН ТҮЗҮҮ БОЮНЧА СУНУШ
Бул оферта (мындан ары – «Сунуш») “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому” (мындан ары – «КР УКАК») коомдук бирикмесинин, Уставынын негизинде иш алып барган, жетекчиси Жакипов Чиңгиз Тилековичтин атынан, мындан ары «Жардам алуучу » деп аталган, жеке жана/же юридикалык жакка, мындан ары «Жардам берүүчү » деп аталган, биргелешип «Тараптар» деп аталган, төмөнкү шарттарда кайрымдуулук жардам келишимин (мындан ары – «Келишим») түзүү сунушу болуп саналат:
Жалпы жоболор:
1.1. Бул сунуш Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесинин 2-пунктуна ылайык жарыяланган сунуш болуп саналат. Сунушту Колдоочу тарабынан кабыл алуу ал жакта баяндалган шарттарда Келишимди түзүүгө барабар.
1.2. Сунуш сайтта жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
1.3. Сунуш мөөнөтсүз болуп саналат жана күчүн жоготту деп таанылганга чейин, же сайтта жаңы Оферта жарыяланганга чейин, аталган өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин кеминде 10 (он) жумуш күн мурда жарыяланмайынча күчүндө болот.
1.4. Жардам алуучу бул Офертанын күчүн бир тараптуу жана/же алдын ала эскертүүсүз жана себебин түшүндүрбөстөн кайрымдуулук кабыл алууну токтото турууга укуктуу.
1.4. Сунуштун бир же бир нече шарттарынын жараксыздыгы анын бардык башка шарттарынын жараксыздыгына алып келбейт.
1.5. Жардам алуучу жеке жана юридикалык жак менен сунуш келишимин түзүү мүмкүн.
1.6. Сунушту кабыл алуу жана кедишим түзүү күнү Жардам алуучунун банктык эсебине акча каражаттарынын которулган күнү болуп саналат.
1.7. Келишим түзүлгөн жер Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары болуп эсептелет.
1.8. Бул Сунуш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана чечмеленет.
.
2. Келишимдин предмети
2.1. Жардам берүүчү ыктыярдуу түрдө кайрымдуулук иретинде Жардам алуучуга акча каражатын (мындан ары – «Жардам») өткөрүп берет, ал эми Жардам алуучу Жардамды кабыл алып, аны Уставдык ишмердүүлүк максаттарында жана 2018-жылдын 3-февралындагы №19 «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому жөнүндө» Мыйзамында көрсөтүлгөн ишмердүүлүктө пайдаланууга милдеттенет.
2.2. Жардам берүүчүнүн ушул келишим боюнча аракеттери «Меценатство жана кайрымдуулук ишмердүүлүгү жөнүндө» Мыйзамына ылайык жардам болуп саналат.
3. Жардамды өткөрүп берүү тартиби жана башка шарттар
3.1. Жардам берүүчү ыктыярдуу түрдө жардамдын суммасын өз алдынча аныктап, ушул Келишимдин шарттарында сайтта көрсөтүлгөн (сайттын шилтемеси) каалаган төлөм ыкмасы менен Жардам алуучуга которот.
3.2. Жардам берүүчү Жардамды өз алдынча ишке ашырууга укуктуу экендигин же Жардамды ишке ашыруу үчүн керектүү макулдуктарды жана уруксаттарды алгандыгын тастыктайт. Тараптар ушуну менен Жардамды алуучуга өткөрүп берүүгө тоскоолдук кылган эч кандай жагдайлар же талаптар жөнүндө билбестигин тастыкташат.
3.3. Жардамды алуучуга өткөрүп берүү фактысы Жардам берүүчүнүн ушул Сунуштун шарттарына толук жана шартсыз макулдугун билдирет.
3.4. Жардам берүүчү Алуучунун расмий сайтында (сайттын шилтемеси) тиешелүү опцияны тандап, үзгүлтүксүз Жардамдарга жазылууга укуктуу. Мында Жардам берүүчү Жардам автоматтык түрдө ар 30 (отуз) күндө Жардам берүүчү тарабынан биринчи берилген Жардамдын суммасына барабар суммада ишке ашырыла тургандыгына макул болот. Жардамдын суммасы Тараптардын макулдашуусу боюнча кийинчерээк өзгөртүлүшү мүмкүн, мында Жардам берүүчүнүн үзгүлтүксүз эсептен акча алуу суммасын өзгөртүүгө макулдугун алган шартта.
3.5. Жардам берүүчү төмөнкү ыкмалардын бири менен КР УКАКнун жооптуу кызматкерине тиешелүү билдирүү жөнөтүү менен үзгүлтүксүз жардам берүүдөн баш тартууга укуктуу:
- Ушул сайтта жайгашкан телефон номери аркылуу;
- Ушул сайтта жайгашкан байланыш формалары аркылуу билдирүү жөнөтүү менен;
- donate@redcrescent.kg дарегине электрондук кат жөнөтүү менен;
- Жеке өзү КР УКАКнун кеңсесине кайрылып, жооптуу кызматкерге билдирүү менен.
Билдирүү КР УККтун жооптуу кызматкери аны иш жүзүндө алган учурдан тартып алынды деп эсептелет. Билдирүү алынгандан кийин, үзгүлтүксүз жардамдар билдирүүдө көрсөтүлгөн күндөн тартып же билдирүү алынган учурдан тартып токтотулат.
3.6. Жардам алуучу тарап Жардам берүүчүнү ишке ашырылып жаткан программалар жөнүндө электрондук, почта жана SMS-кабарлоолор аркылуу, ошондой эле телефон аркылуу кабарлап турууга укуктуу.
3.7. Алуучу өз сайтында жыл сайын жардамды пайдалануу боюнча отчетту (Бюллетень) жайгаштырат. Жардам берүүчүнүн суроо-талабы боюнча (электрондук же физикалык кат түрүндө) Алуучу Жардам берүүчүгө Жардам берүүчү тарабынан берилген жардамдар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
3.8. Жардам алуучу тарап ушул Келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерден башка милдеттерди аткарбайт.
3.9. Ушул сунуш боюнча Жардам алучу тарапка өткөрүлгөн жардамдар ыктыярдуу болуп саналат. Жардамдар толук же жарым-жартылай кайтарылбайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурлардан башка.
4. Тараптардын укуктары жана милдеттери
4.1. Ушул Сунуш жана/же Келишим боюнча Тараптардын ортосунда чыккан бардык талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен чечилет.
4.2. Тараптар бири-бирине берген маалыматтардын чындыкка дал келишине жооптуу.
4.3. Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо же туура эмес аткаруу үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп беришет.
4.4. Ушул Сунуш жана Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат жана түшүндүрүлөт. Эгерде талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен чечилбесе, анда алар Жардам аллучу тарап жайгашкан жердеги сот органдарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча чечилет.
5. Колдоочулардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу
5.1. Сунушка макулдук берүү менен Жардам берүүчү – жаран, Жардам алуучу тарапка өзүнүн жеке маалыматтарын (аты-жөнү, телефон номери, электрондук почта дареги жана башка маалыматтар) чогултууга, сактоого жана иштеп чыгууга, ошондой эле үчүнчү жактарга берүү укугун берет. Бул иштер төмөнкүлөрдү камтыйт: чогултуу, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо, өзгөртүү), колдонуу, берүү (таратып берүү, жеткиликтүү кылуу), анонимдештирүү, бөгөт коюу, жок кылуу.
5.2. Бул макулдук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтар сактоо мөөнөтү бүткөнгө чейин күчүндө болот.
6. Юридикалык жак болгон Жарадам берүүчүлөрдүн маалыматтарын колдонуу
Сунушка макул болгон Жардам берүүчү – юридикалык жак, жардам алуучу тарапка өзүнүн наамы, дареги, жардамдын суммасы жана башка маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга, анын ичинде үчүнчү жактарга берүүгө макулдугун жана укугун берет.
7. Алучу тараптын реквизиттери
Аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому
Кыскартылган аталышы: КР УКАК
Дарек: Кыргызстан, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 10, 720040
СТИР: 02812199510124
ОКПО: 00016886
004-Первомай району
Банк: ЗАО КИКБ
БИК: 128001
Эсеп: 1280016036769780
Жетекчи: Жакипов Ч.Т.