КЫР

Жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук

«Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому» коомдук бирикмеси

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, мен өз ыктыярым менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому» коомдук бирикмесине төмөнкү жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга макулдугумду тастыктайм: маалыматтарды жыйноо, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо жана өзгөртүү), пайдалануу жана үчүнчү жактарга берүү – булар коомдук бирикменин Уставдык максаттарын ишке ашыруу алкагында гана колдонулат. 

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги №58 «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, мен өз ыктыярым менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому» коомдук бирикмесине төмөнкү жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга макулдугумду тастыктайм: маалыматтарды жыйноо, системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо (жаңылоо жана өзгөртүү), пайдалануу жана үчүнчү жактарга берүү. Бул аракеттер коомдук бирикменин Уставдык максаттарын ишке ашыруу алкагында гана жүргүзүлөт. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому» коомдук бирикмеси алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоого кепилдик берет. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу уюмдун Уставдык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу максатында колдонулат.

Бул макулдук төмөнкү жеке маалыматтарыңызга тиешелүү: аты-жөнү, уюлдук телефон номери, электрондук почта дареги жана башка маалыматтар.

Макулдуктун колдонуу мөөнөтү чектелбейт. Сиз каалаган учурда жеке маалыматтарды иштеп чыгууга берилген макулдукту кайра чакыртып алсаңыз болот. Бул үчүн donate@redcrescent.kg электрондук дарегине «Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга берилген макулдукту чакыртып алуу» деген жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүңүз керек.

Мен берген маалыматтар толук, так жана ишенимдүү экенине кепилдик берем, ошондой эле маалымат берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары, үчүнчү тараптардын мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары бузулбаганын тастыктайм. Бардык көрсөтүлгөн маалыматтар мага тиешелүү жана мен өзүм толтурдум.

Бул макулдук, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача аныкталбаса, жеке маалыматтар сакталып турган  мезгил ичинде жарактуу болуп эсептелет.